Президент: Быйыл сот тутумуна 2 миллиард сомдон ашуун каражат каралды

11:44, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында айтты.

2018-жылга карата — 1 миллиард 555 миллион 958 миң 200 сом бөлүнгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп.

Ал эми 2019-жылга карата — 2 миллиард 154 миллион 617 миң 100 сом бюджет каралды. 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт.