Президент судьяларды реформа жасоого тоскоолдук болбоого чакырды

11:34, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Судьялар реформанын кармалышына себеп болбошу керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков соттордун XI съездинде билдирди.

Ал кошумчалагандай, башталган реформалардын баары акырына чейин чыгарылат.

«Өлкөдө судьялардын адилетсиздигинен улам бир канча жакшы реформалар токтоп калган фактылар бар. Коомчулук мындай жагдайларды өзгөртүүнү талап кылат жана талап кыла бермекчи. Буга байланыштуу соттук-укуктук реформаны өткөрөбүз», -деди мамлекет башчы.