Кара-Суу районунда 11-класстын окуучусу муунуп каза болду

10:23, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 11-класстын окуучусу муунуп каза болду. Анын сөөгү асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуучунун сөөгү үйүнүн короосундагы мал сарайдан табылган.

«Баланын ата-энеси Орусияда иштешет, аны чоң атасы тарбиялап жаткан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок окуучу баланын жакындары денени экспертизага берүүдөн баш тартты», -деп билдиришти ОИИБдан.