12:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мурат Суталиновдун жубайы президентке ачык кат жолдоду

Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова президентке ачык кат жолдоду. Ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Менин жолдошум Мурат Суталиновго карата адамдын кыжырын келтирген чексиз адилетсиздик жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө көп убакыт ойлонуудан кийин сизге ачык кат менен кайрылууну чечтим.
Социалдык тармактарда кандай баяндамалар орун алып жаткандыгы тууралуу Сизге маалымат берилип турат го деп ойлойм. Анда көп сандагы адамдар рак оорусунун акыркы стадиясы менен ооруп жаткан менин күйөөмдү бошотпоо жонундогу Ленин райондук сотунун судьясы Б.Сыдыгалиевдин чечимине каардануу, кыжырлануу менен ойлорун билдиришти. 

Мен жолдошумду өлүмгө жакындап баратат деп жазгым келбейт, көпчүлүк билгендей анын кайышпас кайраты, кажыбас ички дүйнөсүнүн күчү бар, ошондуктан мен ишенем, биз биригип бул каргашалуу ооруга туруштук беребиз. Бирок, бул оору менен түрмөнүн шартында натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес. Түрмөдөгү азыркы шарттарды жакында эле ЖАМКнын жаңы жетекчиси Мелис Турганбаев айкын көрсөттү.

Эгерде Мурат Суталинов жөнөкөй соттолгон адам болсо, судьялар сот жыйналышын колонияга барып өткөрүп, бир күндө эле чечим кабыл алып коюшмак. Ал эми, биздин иш боюнча мамлекеттик деңгээлде менин күйөөмө карата ачык айкын кыйноо колдонулду. Орун алган мындай сот адилетсиздигине мен башкача баа бере албайм», -деп жазган кайрылуучу.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович! Албетте, сиз соттун чечимине таасир көрсөтө албайсыз. Бирок, канчалык сот бийлигинин көз карандысыздыгына ишенсек да, кээ бир судьялар чечимдерин чыгараарда Ак үйдү карап тураары көнүмүш болуп калган. Ошондуктан бул кат менен Сизге кайрылдым.
Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепили болгон президент катары, диний ишеними бар адам катары, урматтуу Сооронбай Шарипович, биздин кайгылуу ишибизге өзүңүздүн мамилеңизди билдирип коюунузду көптөн көп суранам!?», -деп жазылат катта.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби