Акыркы маалыматтар боюнча Ethiopian Airlines компаниясынын учагында 33 өлкөнүн, анын ичинде Орусия, Канада, АКШ, Италия, Кытай, Франция жана Улуу Британиянын жарандары болгон.
Курман болгондордун 149у — жүргүнчү, 8и — экипаж мүчөсү. Эфиопия премьер-министри маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Учак Бишофту жанар тоосуна жакын Дебре Зейт шаарынын четине кулаган.
Бул 2019-жылдагы эң ири авиакырсык катары эсептелүүдө.