Сүрөтчү Гапар Айтиевдин үйү селсаяктардын түнөгүнө айланды

09:47, 07 марта 2019, Бишкек - 24.kg

СССРдин Эл жазуучусу Гапар Айтиевдин үйү селсаяктардын түнөгүнө айланды. Бул тууралуу видеону Бакыт Болгомбаев өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, ээн калган үй бузулуу алдында турат.

«Көптөр бери селсаяктар жашап жатышат. Аларга ким уруксат бергени белгисиз. Белгилүү сүрөтчүнүн үйүн музейге айлантып коюшса деле болмок», — дейт ал.