Бузулган асфальттын ордун цемент менен толтуруп коюшту. Шаардыктар нааразы

09:19, 07 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Салиева көчөсүндө бузулган жолдун бөлүгүн цемент менен толтуруп коюшту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолду кечээ оңдошкон. Бүгүн эртең менен аталган аймактан унаа өтө алган жок.

«Маселенин дароо колго алынганы жакшы, бирок эмне үчүн бузулган асфальттын ордуна шектүү сапаттагы цементти куюшкан?», -деп окурмандар нааразы болушууда.

Эске салсак, Салиева көчөсү жарым жыл мурун оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилген.