14:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Төрагадан өкмөт башчыга кат. Одоно катага жол берген кызматкер иштен бошотулду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Эске салсак, буга чейин төраганын атынан өкмөт башчыга кайрылуу каты жазылган, анда орун алган одоно каталар коомчулукта катуу нааразычылыкты туудурган.

«Жогорку Кеңештин пппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№ 6-993/19) боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган. Алмазбек Сабырбеков төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда», -деп жазган билдирүүдө.

 

 

Эң көп окулган жаңылыктар