Жайнак Үсөн КТРКнын башкы директорлугуна дайындалды

15:59, 06 марта 2019, Бишкек - 24.kg

КТРКнын байкоочу кеңеши бүгүн башкы директорлукка шайлоо өткөрдү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жайнак Үсөн уулу көпчүлүк добуш алды.

КТРКны жетектөөгө 22 киши арыз берген. Акыркы турган 7 киши өткөн.

Жайнак Үсөн уулу саясатчы Өмүрбек Бабановго тиешелүү НТС телеканалынын башкы директору.