Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Озерный айылында жайгашкан турак үйдүн короосундагы мал сарай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 500 чарчы метр чатыры, 2500 түк чөп, эки бодо мал, 500 тоок, боз үй жана 8 даана өндүрүштүк аппараттар күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.