08:54, 06 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын спортчу Ева Кадырова жеңил атлетика боюнча өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мелдеш 1-3-март күндөрү Белоруссиянын Минск шаарында өттү. Ага Белоруссия, Латвия, Израиль жана Кыргызстандык 600дөн ашык спортчу катышты.
Мекендешибиз Ева Кадырова 60 метр аралыкты 7, 65 секундда чуркап өтүп, 18 спортчунун арасынан 1-орунду алды.