Бишкек мэриясы дагы бир бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кайтарды

14:33, 05 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы 6-кичи райондогу бала бакчанын имаратын өткөрүп берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин имараттын бир бөлүгүн Октябрь райондук социалдык фондунун бөлүмү ижарага алып келген. Имараттын жалпы аянты 1 миң 68 чарчы метр.

Азыр имарат толугу менен бошотулду. Алдыда Октябрь райондук Билим берүү борборунун карамагына өткөрүлмөкчү.