Таласта катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры жабыркады

12:30, 05 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Таласта катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Кечээ саат 17:00дөн тартып 18:40га чейин Манас районунун Арал айылында катуу шамал катталган. Шамал Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр темир тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

Шамалдын ылдамдыгы такталууда. Жабыркагандар жок.