10:26, 05 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Ордо кааланын майрамдык иш-чараларга чыгымы 8 миллион сомго азайды. Бул тууралуу мэриянын жыйынында маалым болду.
Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаевдин айтымында, 2018-жылы буга 24 миллион сом коротушкан. Ал билдиргендей, башкармалык бул жылы боло турган иш-чаралардын концепциясын иштеп жатат. Быйылкы жылдын бюджетинде 16,5 миллион сом каралды.
«Шаардык жана республикалык маанидеги иш-чаралар бар, Эл аралык айымдар күнү, Нооруз, Шаар күнү, Жеңиш күнү, Көз карандысыздык күнү жана Жаңы жыл», -деп кошумчалады ал.