Жапон өкмөтү Кыргызстанга грант түрүндө 6,25 миллион сом бөлдү

10:19, 05 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Жапония Кыргызстандын мектептеринде тамак ашын уюштуруп берүүгө жардам берет. Бул тууралуу БУУ билдирди.

Жапон өкмөтү Кыргызстанга грант түрүндө 6,25 миллион сом бөлдү. Ал Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 8 мектептин окуучуларына ысык тамак уюштуруп берүүгө багытталат.

Каражат мектеп ашканаларындагы өндүрүштүк жабдыктарды сатып алууга жумшалмакчы. Мектептеги тамак ашты оптимизациялоо долбоору 2013-жылдан бери уюштурулуп келет. Анда 525 пилоттук мектептин 145 миңден ашуун башталгыч класстын окуучулары камтылган.