Жыл сайын 20дай кыргыз дарыгери Түркияда медициналык адистиктер боюнча окутулат

17:08, 04 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Жыл сайын 20дай кыргыз дарыгери Түркияда медициналык адистиктер боюнча окутулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды. 72 орундуу оорукана жергиликтүү жарандар менен катар эле башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да тейлет. Мындан тышкары аталган жайда 21 орундуу реанимациялык бөлүм да иштемекчи.

«Тараптар 3 жыл бою оорукананы биргеликте башкарып иш алып барышат. Ошондой эле жыл сайын 20дай кыргыз дарыгерлерин медициналык адистиктер боюнча Түркияда окутуу иштери да жүргүзүлмөкчү», — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.