Ошто банкоматтан 900 миң сомду уурдап кеткендер изделүүдө

14:52, 04 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Араван районунда «Кыргызстан» банкынын банкоматынан 900 миң сомду уурдап кеткендер изделүүдө.  Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, окуя 10-февралга караган түнү болгон.

Кылмышкерлер банкоматты талкалап, акчаны чыгарып кеткен. Милиция бир айдан бери кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.