14:52, 04 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Араван районунда «Кыргызстан» банкынын банкоматынан 900 миң сомду уурдап кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка таянсак, окуя 10-февралга караган түнү болгон.
Кылмышкерлер банкоматты талкалап, акчаны чыгарып кеткен. Милиция бир айдан бери кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.