Кыргызстан менен Кытай коргонуу, коопсуздук маселелери боюнча кызматташат

14:30, 04 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Кытай коргонуу, коопсуздук маселелери боюнча жана аскерлерди даярдоо багытында кызматташат. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев 25-февралдан 1-мартка чейин Кытайга жумуш сапары менен барган. Анда Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ, Синьцзянь аскер округунун командири Лю Ванлун жана Кытайдын 301-аскерий госпиталынын жетекчилиги менен жолуккан.

Эки тарап апрель айына пландаштырылган Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашкан. Анан сырткары коргонуу, коопсуздук, аскер-техникалык эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, акмактагы терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы биргеликте күрөшүү боюнча маселелерди карашты.