Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

10:20, 04 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 15-16-апрель күндөрү өтөт. Анда 55, 60, 66, 74, 84 килограммга чейинки жана 96 килограммдан жогорку салмак чениндеги балбандар күч сынашмакчы.
 

Эске салсак, мелдеш Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция менен Кыргыз күрөшү федерациясы тарабынан уюштурулат.