Бишкекте Жибек Жолу проспектиси кеңейтилип жатат

09:31, 04 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Жибек Жолу проспектиси кеңейтилип жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Фучик көчөсүнөн Чымкент көчөсүнө чейинки аралык кеңейтилүүдө.

«Жолдун узундугу 800 метр, кеңдиги 17 метрге жетет. Ошондой эле, электрдик столбалар менен жол чырактардын орундары алмаштырылат», -деп жазылат маалыматта.