Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайлар изделүүдө

09:09, 04 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө 1-мартта түнкү саат 3тө балык уулоого кеткен жубайлар изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын 2 тургуну 1-мартка караган түнү көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча күйөөсү 40, аялы 38 жашта. 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылган.

Жалпы 14 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатышат.