15:39
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргызстанда жашылдандыруу иштеринин 3 айлыгы өтөт

Кыргызстандын аймагында 1-марттан 31-майга чейин жашылдандыруу иштеринин 3 айлыгы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматка ылайык, аталган демилге шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо максатын көздөйт.

Үч айлыктын алкагында көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү; администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү; көчөлөрдө түнкү жарыктандыруу орнотуу; тосмолорду, дубалдарды талаптагыдай түргө келтирүү; жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү; калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү; муниципалдык жолдорду оңдоо жана социалдык чөйрөнүн, айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо иштери аткарылат.

Эң көп окулган жаңылыктар