Бишкекте Нурлан Мотуевге таандык павильон менен тандыркана алынып салынды

17:55, 01 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Нурлан Мотуевге таандык павильон менен тандыркана алынып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган объекттер шаардагы Москва менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги № 11 мектептин алдына мыйзамсыз орнотулган.

«Мектеп директорунун кайрылуусу менен комиссия түзүлүп, павильон мыйзамсыз негизде орнотулганы аныкталды. Кийин аны алып салуу боюнча чечим чыгарылган», -деп билдиришти мэриядан.