Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда айыл чарба продукциясына киргизген убактылуу чектөөнү алып салуу тууралуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ Астанада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолукту. Анда эки тараптуу ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19-февралда киргизилген Казакстанга картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алуу боюнча протоколго кол коюлду. Мындан тышкары Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланды», — деп жазылат билдирүүдө.