Өткө сутка ичинде республиканын аймагында эки жолу жер титирөө катталды

12:18, 01 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Өткө сутка ичинде республиканын аймагында эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 10:55те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга, ал эми Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле, бүгүн саат 02:06да Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас районунун Коргон айылында 2,5 баллга, ал эми Бир-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.