23:39
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Төрагадан өкмөт башчыга кат. Кайрылуудагы одоно каталар талкууга түштү

Социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин төрагасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалык Абылгазиевге жазган кайрылуу катындагы одоно каталар тууралуу талкуу болууда. Анда жазылган катта бир канча катанын асты кызыл менен белгиленип көрсөтүлгөн. 

«Примьер» деп башталгандан тарта тырмакчага алынбай жазылган Кодекс жана баш тамга менен жазылбаган «кодекс», орус жана кыргыз тилинде аралаш жазылган кайрылууну сынга алышууда.

Социалдык түйүндүн колдонуучусу «Жогорку Кеңештин иш кагазы ушундай болсо, элдин жашоосу оңолобу?», -деп жазган. Ошондой эле «Уят, күлбөй эле, ыйлай турган нерсе го» деп жазышкан. Айрымдары бул кайрылуу катты фейк деп атап, Жогорку Кеңештин катында өкмөттүн мөөрү басылып турат, бул фотошоп менен жасалган дешүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар