23:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Айдоочулардын 61 пайызы гана коопсуздук курун тагынат

Бишкектеги айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн 61 пайызы гана коопсуздук курун тагынат. Бул иликтөөнү «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова айтты.

Анын билдиргени боюнча, коопсуздук курун айдоочулардын 70 пайызы, алдынкы орундукта отурган жүргүнчүлөрдүн 58,7 пайызы жана арткы орундукта отургандардын 6,3 пайызы тагынышат.

«Буга чейин бир канча жолу коопсуздук куру жана балдар креслосу ар кандай кырсыктардын санын кыскартат деп айтылып келет», -деди ал. Айтымында, көпчүлүгү курду айыппул төлөбөйүн деп тагынышат.

Маалыматка таянсак, былтыр Кыргызстанда 5 миң 995 жол кырсыгы катталган, анда 716 киши каза таап, 9 миңден ашуун киши жаракат алышкан. Ошондой эле, коопсуздук куруна байланышкан 260 миң эреже бузуу катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума