Кыргызстандык Төлөгөн тегин Семетей шахмат боюнча эл аралык мелдеште экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу chess-results.com сайты билдирди.
Мелдеш Алматыда 20-28-февраль күндөрү өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинадан келген 10 спортчу катышты.
Төлөгөн тегин Семетей 9 айлампада 6 балл чогултуп, 5 жолу атаандашы жеңди. Эки партияда тең чыгып, 2 жолу утулду. Жыйынтыгында 2 орунга татыды.