Төлөгөн тегин Семетей шахмат боюнча эл аралык мелдеште экинчи орунду ээледи

09:42, 01 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Төлөгөн тегин Семетей шахмат боюнча эл аралык мелдеште экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу chess-results.com сайты билдирди. 

Фото chessnews.info

Мелдеш Алматыда 20-28-февраль күндөрү өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинадан келген 10 спортчу катышты.

Төлөгөн тегин Семетей 9 айлампада 6 балл чогултуп, 5 жолу атаандашы жеңди. Эки партияда тең чыгып, 2 жолу утулду. Жыйынтыгында 2 орунга татыды.