Бала сатууга шектелген аялдар кармалды

14:44, 28 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте бала сатууга шектелген үч аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө баланы сатып жаткан маалда 1988-жылы туулган М.Н., кылмышка катыштыгы бар 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.