10:16, 28 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
№ 71 мектепти Бишкектин карамагына кайтарып алуу керек. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов Октябрь райондук орто билим берүү окуу жайларынын директорлору менен жолугушканда айтты.
2014-жылы мектепти интернат кылышкан. Ал жакта өлкөнүн ар тарабынан келген 200гө жакын окуучу билим алат.
Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманованын айтымында, 3 жыл мурун мектепти республикалык бюджеттин карамагына өткөрүү боюнча маселе каралган. Бирок, иш басаңдап калган.
Вице-мэр Татьяна Кузнецова аталган интернатта 12-кичи райондун окуучулары дагы билим алып жатканын кошумчалады. «Алардын аттестатында жетим балдардын интернатын бүтүрдү деп жазылат, бул туура эмес», -деди ал.
Азиз Суракматов мектепти шаарга кайтаруу керектигин кошумчалады.