Бишкектеги тез тамактануучу жайга каракчылык менен кол салган шектүү кармалды

17:30, 27 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги тез тамактануучу жайга каракчылык менен кол салып, тоноп кеткен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 20-февралда тез тамактануучу жайга медициналык бет кап кийген эркек киши кирип, кассирди тапанча менен коркутуп 63 миң сомдой акчаны алып кеткени кабарланган.

Аталган кылмышка шектелип Чүй облусунун 1983-жылы туулган тургуну Б.А. кармалды. Ал буга чейин сот жообуна тартылганы анык болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө, шектүүнүн тууганынын үйүнөн травматикалык тапанча табылды.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.