Жалал-Абаддын тургуну өз үйүнөн чыккан өрттүн кесепетинен көз жумду

17:55, 27 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарынын тургуну өз үйүнөн чыккан өрттүн кесепетинен көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-февралда ӨКМнын шаардагы бөлүнүмүнүн байланыш түйүнүнө шаардык тургундун үйдүн ичинде кулпуланып калганы тууралуу кабар түшкөн. Куткаруучулар эшикти ачыып, 1959-жылы туулган С.В.К. аттуу үй ээсинин өрттөн жабыркаган сөөгүн табышкан.

Учурда каза болгон адамдын өлүмүнүн, өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген материалдык зыян такталууда.