09:00, 28 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Сол кол менен тамак жесе арам болуп эсептелбейби?
Бул боюнча, Ибн Араби шайтанга жаккан аракеттердин баары арам болорун айткан.
Хадисте пайгамбар: «эч ким сол колу менен тамак жебесин, анткени шайтан сол колу менен ичип, жейт», деген.
Бирок, албетте адамдын оң колу менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо анын жаман жери жок.