Суроо-жооп. Жолоочунун намазын окуунун жол жобосу

15:52, 27 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Каср намазын кыскартып окуса болобу?

Жооп: Каср намазы — бул жолоочунун намазы. Ханафит мазхабы боюнча 15 күн жолдо жүргөн адам, магриб жана витр намазынан башканы кыскартса болот. Андан тышкары, жолоочу сунна намазын дагы аткарбай койсо болот. А эгер сиз 15, же андан ашык күн кайсы бир жерде жашап калсаңыз анда сиз баардыгын аткарышыңыз керек. Себеби, сиз ал жердин туруктуу жашоочусу болуп эсептелесиз.