Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучу эркиндикте болот.
Ал ортодо соттолгон аял айыптоолорду четке кагып, буга чейин укук коргоо органдарынын басымы алдында күнөөсүн мойнуна алганын билдирүүдө. Ал өкүм адилетсиз экенин жана жогорку баскычка даттана турганын айтты.
«Мен соттун өкүмүнө макул эмесмин. Баламдын денесинде ал ийнелердин кантип пайда болуп калганын билбейм. Эч бир эне андай кадамга барбаса керек. Алгачкы сурак маалында мени зордуктайбыз жана улуу баламды тартып алабыз деп коркутушкан», — деди Якубова.
Былтыр июлдун башында Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери тогуз айлык наристенин денесинен 10 ийне табылганын билдиришкен. Анда медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышкан. Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экени аныкталган. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болуп, дагы төртөө баланын денесинде калган. Дарыгерлердин айтымдарында, ийнелер наристенин денесинде бери дегенде үч айдан бери жүргөн.
Буга окшогон учур өткөн жылы Өзбекстанда болгон. Анда дарыгерлер 11 айлык наристенин денесинен 16 ийне алып чыгышкан.