Нарын районунун Орто-Нура айылындагы жол кырсыгында 3 киши каза болду. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалым болгондой, «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Кесепетинен окуя болгон жерден эки киши каза болуп, бирөө ооруканадан каза тапкан.
Мындан тышкары үч адам денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.