Нарында суу каптоо коркунучунун алдын алуу иштери улантылууда

11:32, 27 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Нарында суу каптоо коркунучунун алдын алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Жер-Көчкү айылынын түндүк тарабындагы тоо этегиндеги жер алдынан чыккан суулар (булак) тоңуп суу ашып, натыйжада 3 турак үйдү, ички жолдорду жана көпүрөнү каптап кетүү коркунучу жаралган.

Жерине КР ӨКМнин Нарын райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Анда 300 даана кап кум топурактар салынып, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. Жумуш бүгүн дагы улантылат.