Өлкөнүн 3 районунун акимдери дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы, Нурлан Шаршеналиев Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы, Өмүр Ногоев Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.