Ысык-Көлдүн 57 жаштагы тургуну 550 грамм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка таянсак, аталган жарандын үйүн тинтүү учурунда 8 килограмм 100 грамм марихуана табылды.
Кармалган киши мурда да мал уурулук менен бир нече ирет соттолгону аныкталды.
«Ысык-Көл районунун тургуну баңги затынын ири көлөмдөгү партиясын үйүндө сактап, аны сатууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери баңги затын сатып алууну көздөгөн кардар катары шектүү менен жолугушуп, ширеңке кутуларына салынган 550 грамм гашиш менен кармашты», -деп билдиришти ОИИБдан.

