Нарындыктар азан айтуу боюнча күч сынашат

11:49, 26 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Нарында азан айтуу боюнча сынак өтөт. Бул тууралуу муфтият кабарлайт.

Азанчылар ортосундагы мелдеш 10-мартка чейин райондордо өтүп, 27-мартта облустук туру болот.

«Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулууда», — дейт муфтият.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.