17:07
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат

Бишкек шаарында ачылган кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат, бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда маалым болду.

Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жылда Түркия Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жасалып турмакчы. Анда медициналык жардам сурап кайрылган адамдарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун бар. 

Мындан тышкары, макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерди Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралат. Алар ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан бөлүштүрүлөт. Ал эми бөлүштүрүлө турган стипендиант-студенттеринин саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби