ӨКМ: Ноокат районунда турак үй өрттөндү

12:25, 25 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда электр зымдарынын кыска туташуусунун кесепетинен турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Үч-Бай айылындагы жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 86 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, өрт саат 22:00дө чектөөгө алынып, саат 22:21де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.