Кыргызстанда алименттин минималдуу көлөмүн түзүү сунушталууда

12:00, 25 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда алименттин минималдуу көлөмүн түзүү сунушталууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

Тиешелүү түзөтүүлөр Үй-бүлөлүк кодекске жана «Сот аткаруучулар тууралуу» Мыйзамга киргизүү каралууда. Депутаттын айтымында, азыр көптөгөн ата-энелер алимент төлөөдөн качып реалдуу кирешелерин жашырып коюшууда.

«Айлыгы тууралуу фиктивдүү справка алып келишет, бир миң сомдук маяна деп көрсөтүлгөн болсо алимент 200 сомду гана түзөт», -деди ал.  Айсулуу Мамашова алиментти Улуттук статкомдун балдар үчүн түзгөн жашоо минимумуна карата эсепке алууну сунуштады.

«Былтыр 7 жашка чейинки балдар үчүн минимум 3 миң 616 сом, 7 жаштан 14 жашка чейин 4 миң 227 сом, 14 жаштан өйдө 4 миң 600 сомду түзгөн. Ата-эне айына баланын жашоо минимумунун 50 пайызын төлөп бериши керек. 2 бала үчүн 75 пайызы, 3 бала үчүн 100 пайызы төлөнүшү зарыл. Бул учурда алименттин минималдуу суммасы 1 миң 800 сомду түзөт», -деди ал.