20:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө издөөдө жүргөн 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева табылды

Чүйдө издөөдө жүргөн 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Анаркүл Жоошбаева окуган мектеп-интернаттын директору Бүбүкан Жусупова билдирди.

Айтымында, кызды мугалимдер 23-февралда Ош базары жактан табышкан.

«Кыздын абалы жакшы. Анын эмне себептен интернаттан качканы белгисиз. Ага баары жакшы мамиле кылат. Кыз табылды деп Билим берүү министрлиги менен милицияга кабар берилди», -деди директор.

Эске салсак, 13 жаштагы кыз Таш-Төбө айылындагы мектеп-интернаттан 18-февралда чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар