11:09, 25 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дача СУ аймагында аянты 20 чарчы метрге жеткен турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.
Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү.