Кыргызстандык жаачылар «Ислам Тилектештиги» эл аралык мелдешине катышат

17:38, 22 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык жаачылар «Ислам Тилектештиги» эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш Бангладештин борбору Дакка шаарында 22-27-февраль күндөрү өтөт.

Кыргызстандын атынан жарышка 4 спортчу — Асель Шарбекова, Улукбек Курсаналиев, Айтурган Маматкулова, Диана Канатбек кызы катышат. Аларды башкы машыктыруучусу Кылыч Нурманбетов коштоп барат.