16:33, 22 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында жол эреже бузууларын жаздырган көчмө камераны сындырууга аракет жасагандардын бири Ички иштер министрлигинин Атайын мамлекеттик кароол кызматы башкы башкармалыгынын кызматкери болгон. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы билдиришти.
Эске салсак, кечээ Аламүдүн районунун милициясына Беш-Күнгөй айылындагы бейбаштык тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерде «Вега Оперейтинг» компаниясынын көчмө камераларды орнотуу боюнча адиси иштеп жаткан. Ошол маалда эки белгисиз адам ага келип, ишине тоскоол болуп, камераны сындырууга аракеттенишкен.
Бул факт боюнча сотко чейинки иш башталып, бейбаштык кылгандардын өздүгү такталды.