21:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстан Кыргызстандын эки суу сактагычына көзөмөл жүргүзүүнү каалайт

Казакстан Кыргызстандын эки суу сактагычына көзөмөл жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте Казакстандын өкмөт өкүлдөрү менен жазгы талаа иштерин суу менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн.

«Сүйлөшүүдө казакдар бизден Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарына видео байкоо коюп, андан сууну берилишин онлайн көзөмөлдөп турууну кааларын айтышты. Биз ага каршы болдук. Алар эки күндөн кийин Кыргызстандан алма, курма, картошка алып кирүүгө жана сүт жана эт азыктарын дагы чектөө койду», — дейт ал.

Өкмөттүн өкүлүнүн билдирүүсүндө, суу сактагычтар стратегиялык объект болгондуктан аларды коңшу өлкөнүн видео байкоосуна өткөрүп бере алышпайт.

Депутаттар бул иш боюнча Казакстан менен бир бүтүмгө келүүнү тапшырышты.

«Стратегиялык объект болгону менен суу сактагычтардын айрым жерлерине камера койсо болоттур. Негизи казактар сууну берилишин так көзөмөлдөөнү гана көздөшөт», — деди депутат Руслан Казакпаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу ууналарды аймагынан өткөрбөй Кыргызстанды блокада калтырган. Ага эки президенттердин ортосундагы келишпестиктер себеп болгон.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр тез-тез соода келишимин бузуп, өнөктөштөрүнө карата санкцияларды киргизип турат.

Эң көп окулган жаңылыктар